Борбордо Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестринин кечеси болот

6-февралда борбордогу Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин концерти болот. 

Кеченин дирижёру - КРнын Эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиев. Программада Людвиг ван Бетховендин №1-симфониясын аталган симфониялык оркестри аткарат. Фредерик Шопендин №2 f-moll фортепиано жана оркестр үчүн жазылган концертин эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаты, Москвадагы П.Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваториянын 2-курсунун студенти Лейли Асанбекова аткарат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан