Жылнаама, 31-январь: Мындан 104 жыл мурун болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга туулган

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган чечимдин негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Буга депутаттын Жогорку Кеңештин сессияларына 30дан көп жолу катышпаганы себеп болгон. Маалымат боюнча, депутат 2012-жылы жүрөгүнө операция жасатуу үчүн өлкөдөн сыртка чыгып кеткен бойдон Кыргызстанга келген эмес. 
 
* Мындан 150 жыл мурун, 1865-жылы орусиялык химик Дмитрий Менделеев “Спирттин суу менен аралашмасы жөнүндө” деген темада диссертация жактаган. Көпчүлүктүн айтымында, ал дал ушул эмгегинде орус арагынын рецебин түзүп чыккан.
 
* Мындан 104 жыл мурун, 1911-жылы болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга (чын аты-жөнү Вангелия Пандева-Гуштерова) Болгарияда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 3 жашка чыкканда энеси каза болот, 12 жашка толо элегинде дагы бир чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип, көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан, аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада Ванга азиз болуп калат. 
Кайсы мезгилден тартып ал көзү ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Ванганын касиети акырындык менен байкала баштайт. Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванганын феноменин чейрек кылымдан бери иликтеп, 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилейт. Ванганын айткандарынын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген. Айтылып жаткан 80 пайызга даңкы жер жарган саясатчылар да кирген. Сталиндин өлөрүнө жарым жыл калганда да Ванга Иосиф Виссарионовичтин көз жумарын алдын ала айткан. Анысы үчүн дароо эле түрмөгө камалат. Бирок жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванга кайра боштондукка чыккан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы франциялык 102 жаштагы веложарышчы Робер Маршан велосипед тебүүдөгү көрсөткөн ылдамдыгы боюнча өз рекордун жаңылаган. Анын жаңы рекорду Парижде коюлган. Ал 102 жашта экенине карабай саатына 27 чакырым аралыкты басып өткөн. Маршандын айтымында, ал өзүн бул жыйынтыктан кийин жакшы сезген. Бирок бул көрсөткүчү аны толук канааттандырган эмес. Маршан 100 жашынан өткөндөн кийин велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенген тарыхтагы жалгыз спортчу болгон. Анын буга чейинки рекорду 2012-жылы катталып, анда саатына 24 чакырым аралыкты басып өткөн. Андан тышкары ал расмий түрдө 100 жаштан ашкандан кийин 100 чакырым аралыкты багындырган жалгыз спортчу. Ага бул үчүн 4 саат 17 мүнөт жетиштүү болгон. 
Робер Маршан 1911-жылы 26-ноябрда төрөлгөн. Бала күнүнөн тарта велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенүүнү кыялданганы менен, аны бул спорт секцияларына кабыл алышкан эмес. Натыйжада айдоочулук кесипти аркалап жүргөн. Велоспорт менен олуттуу түрдө машыгууну пенсияга чыккан соң гана баштаган.
31-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан