Мурдагы Ички иштер министри, учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактыларын депутаттык комиссия менен бирге иликтөө учурунда ар кандай коркутуулар болгонун айтты. Мындай билдирүүнү экс-министр бүгүн, 7-февралда ЖКнын пленардык жыйынында ачыктады. “Бир күнү Өмүрбек Текебаев мага телефон чалып, "Башкы прокуратура жана УМККдан кийин изилдөө жүргүзсөң, сен да камаласың, сенин артыңан мен отурам” деди. А мен "сиз антип мени коркутпаңыз. Мени Бакиев да , Акаев да коркута алган эмес, сиз да мени коркута албайсыз” дедим”,- деп билдирди Рысалиев. Ошондой эле ал Юсуповдун талап-тоноо иштери боюнча берген көрсөтмөсү тергөө учурунда 85 пайызы такталып бүткөнүн маалымдап, 3 ай убакыт болгондо аягына чыкмак экенин айткан Рысалиев бул иш аягына чыкпай турганын кошумчалады.