Бишкекте айдоочулар урушуп, бири экинчисин тапанча менен колго жана бутка атып, качып кеткен

Бишкекте айдоочулар урушуп, бири экинчисин травматикалык тапанча менен колго жана бутка атып, качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-январда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 33 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 30-январь күнү 

Хонда Степвагон унаасы менен Абай көчөсүндө жүрүп, күтүүсүз жерден Додж-Дуранго унаасынын ээси менен урушуп кеткен. Арыз ээсинин айтымында, Додж-Дурангонун айдоочусу травматикалык тапанча менен аны колго жана бутка аткан. 

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Lenin
2015-01-31 11:54:52
Дагы бир копкон бироо да.
+3
zman53
2015-01-31 12:04:27
Буга албетте депутаттар кунолуу!Себеби алар биздин айдоочулардын бир-бирине болгон мамилеси жок экенин билип туруп,пневматикалык тапанчаны колдонууга уруксат беришкен.
+4
Rifle
2015-01-31 12:28:03
Пневматиканы мен да колдоном , эч кандай уруксат керек эмес.
Травматика менен атты деп турат.
0
uzismail
2015-01-31 12:13:06
Бул кайсыдыр дептаттын баласы чыгар же окул баласыбы?
+1
kg.sity93
2015-01-31 12:54:28
травматикалык чыныгы тапанча менен канчалык денгээлде айырмасы бар.ал деле жаракат алып келеби?урушпай эле коюшса болмок.Чон эле кишилер эмне болуп баратышат?
0
bek007
2015-01-31 22:58:32
Мен да жакында травматикалык тапанча сатып алам. Залга барыштын кереги жок болуп калат. Озу тийишти коргондум деп коем да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан