ЖКда 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактысын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда. Ага башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев жана бир катар тийиштүү органдын өкүлдөрү катышууда. Депутат Кенжебек Бокоев 2010-жылы талап-тоноо болгон 10 жерде депутат Райкан Төлөгөновдун болгондугу аныкталганын, буга чейин Төлөгөнов өзү 2 гана талап-тоноо фактысы болгон жерге барганын айтканын баса белгиледи. "Бул жерде депутат так эмес маалымат берип, бизди алдап жатат",- деди. Ошондой эле депутат маселени иликтөө учурунда күбөлөргө кысым көрсөтүүлөр болуп, көп фактылар ачыкка чыкпай калганын белгиледи.