Ысык-Көл облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Каракол шаарында өткөн жылдын 31-декабрь күнү саат 23:30 чамасында белгисиз айдоочу 27 жаштагы А.Х. аттуу жаранды сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болуп калган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Мазда-626 үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы А.М. аттуу айдоочусу кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан