Базар-Коргондо кесиптик лицейдин мурдагы директору жана башкы эсепчиси 7 жылга соттолду

Базар-Коргондо кесиптик лицейдин мурдагы директору жана башкы эсепчиси 7 жылга соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар лицейдин кызматкерлерине материалдык жардам катары 107 миң сом акча каражатын берүү боюнча жалган документ жасашып, жогорудагы сумманы өздөрү ээлеп алышкан.

Бул боюнча “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sadyrov_n93
2015-02-02 21:18:36
Базар Коргондун кайсы лицейи экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан