Ош шаарындагы аба майданындагы 5,7 миллион долларды карактоо боюнча 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов билдирди.
“Бул кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 10 тургунуна издөө жарыяланган. Азыркы тапта алардын ичинен төртөө кармалды, калгандарын колго түшүрүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөрдүн арасынан бирөө мурда сот жообуна тартылган”,- деди М.Каниметов.