“2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактысын иликтеген комиссиянын мага койгон айыптоолорун моюнга албайм”. Мындай билдирүүнү ЖКнын бүгүнкү, 7-февралдагы жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов билдирди. “Мен комиссиянын койгон кинелерин саясий оппоненттер оюнан чыгарган нерсе деп эсептейм. Алар коюп жаткан күнөөлөрдү эмес, кинелерди моюнга албай коюуга толук укугум бар”,- деди депутат. Ошондой эле ал аталган окуя учурунда Адулла Юсуповго телефон чалбагандыгын, Юсупов өзү чалганын айтты.