Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-февраль күнү Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө Ауди унаасынын 20 жаштагы айдоочусу Субару жана Мерседес унааларынын айдоочулары менен жол талашып, экинчи унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Ауди унаасы жол четиндеги жарнама тактасына урунган. Ошондой эле Мерседестин айдоочусу жабыркаган.