Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын 50 жаштагы тургуну кызынын дайынсыз жоголгонун айтып милицияга кайрылган. Бул боюнча издөө иштери жүрүп, жоголду делген 17 жаштагы кыз шаардагы төрөт үйүнөн табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кыз бир жигиттен боюнда болуп калып, апасына айтпай, ичин таңып жүргөн. Төрөөргө жакын гинеколог тарабынан башка кыздын паспорту менен ооруканага жаткырылып, уул төрөгөн. Кийин ымыркайды Салия аттуу аял алып кеткен. Учурда гинеколог аялдын үстүнөн “адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.