Кыргыз улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жаш илимпоздор менен жолугушту

Бишкектеги КРнын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен аспиранттардын жолугушуусу өттү. Аталган академиядан бүгүн, 2-февралда билдиришкендей, жолугушууда КРнын Улуттук илимдер академиясынын дүйнө жүзүнө аты таанымал окумуштуулары өздөрүнүн илимий эмгек жолу, эмгектери жөнүндө айтып, жаш окумуштууларга кеңештерин беришти. 

Илим жолундагылардын түйшүгү менен кубанычы, маселелери менен келечеги жөнүндө сөз болду. “Сиздер барсыздар, демек, илимдин да келечеги бар. Илимий ишиңиздерди ийгилик жылоолосун”,- деп ак жол каалап кетти Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик А.Эркебаев

Иш-чарада жаш илимпоздордун илимий иш менен алектенгенге көп мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги, анын көбү аспиранттын өзүнөн көз каранды экендиги айтылды. Алган изилдөөсүнүн актуалдуулугуна жараша стипендия утуп алса же долбоордун алкагында иштеп, чет жерге барса, ал жерде иштөө менен катар тажрыйба жыйнаса болору айтылып, өрнөктүү мисалдар келтирилди. 

Жаш окумуштуулар УИАнын келечеги, окуу учурунда кандай жолдор менен чет мамлекеттерге барып тажрыйба топтоп келсе болору жөнүндө суроо салышты.   

КРнын УИАнын аспирантура бөлүмү илим изилдегиси келгендерге колдон келишинче жакшы шарттарды түзүп келүүдө. Илимий эмгектерин жарыялаганга аракет жасайбыз. Бир жакшы жагдай: учурда академиянын мындан аркы ишмердүүлүгү али тактала элек болсо да, окууга тапшыргандар көбөйүп, жадакалса сынак менен тандалып да өтүп калышты. Белгилеп кете турган жагы, табигый, техникалык илимдер боюнча аспирантурага тапшыргандар коомдук илимдерге караганда азыраак болууда”,- деп баса белгиледи аталган академиянын аспирантура бөлүмү боюнча жетектөөчү адиси Бактыгүл Осмонова.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан