Өткөн жылы 600дөн ашуун коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иши козголгон

Өткөн жылы коррупциялык мүнөздөгү кызматтык жана башка 618 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда маалымат жыйынында ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тазабек Жаныкулов билдирди. 

"Катталган кылмыш иштеринин ичинен коррупция фактысы боюнча 8, паракорчулук боюнча 58, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 294 кылмыш иши, карамагындагы мүлктү ысырап кылуу же өзүнө ыйгарып алуу боюнча 64, анын ичинен өзгөчө ири өлчөмдө 7, кызматтык жасалмалуулук боюнча 27 жана башка ар кандай кылмыштардан 167 факт катталган",- деди Т.Жаныкулов. 
Анын айтымында, прокуратуранын тергөө бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан сотко жиберилген 259 кылмыш ишинин ичинен 82 кылмыш иши боюнча соттук чечимдер кабыл алынып, 9 адам эркинен ажыратылып (2 жылдан 12 жылга чейин), 11 адам шарттуу түрдө соттолгон. Ал эми калган 39 кылмыш иши боюнча 35 айыпталуучуга айып пул салынган.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан