Ысык-Көл облусунда Талды-Суу айылдык почта бөлүмүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган почта бөлүмүнүн башчысы, 43 жаштагы К.Айнура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-жылдын ноябрь, декабрь айларында эки пенсионердин пенсиясын өзүнө чегерип алган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.