Ошто башка бирөөнүн паспорту менен Москвага кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран кечээ, 1-февраль күнү Оштогу аэропорттон Москвага тууганынын паспорту менен учууга аракет кылган. Учурда ал жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.