7-февралда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде балдар үчүн мастер-класс өткөрүлөт.
Аталган музейден билдиришкендей, “Мультфильмдеги каармандар” аталышындагы мастер-класста пластинография техникасы үйрөтүлөт. Ага 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алат.
Иш-чара “Музейдеги жуманын таттуу аягы” аттуу музей менен тааныштырууга багытталган программанын алкагында уюштурулууда.