Ала-Букада мамлекеттик чек араны бузган эки өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-февраль күнү Ала-Букадагы чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан эки жаран кармалган. Алардын өздүгүн тактоо учурунда Өзбекстандын жарандары экендиги аныкталган. Учурда тиешелүү документтер түзүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө.