2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын талкуулоо 13-февралда улантылат

7-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын №1-СИЗОсунда кармалып жаткан айрым жарандардын 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө көрсөтмөлөрүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иш жыйынтыктары угулду. Курамы 10 депутаттан турган депутаттык комиссия 2012-жылдын 6-сентябрында түзүлүп, аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, өз корутундусун чыгарган. Корутунду долбооруна комиссиянын беш мүчөсү кол койгон, калган бешөө өздөрүнүн өзгөчө пикири бар экендигин маалымдаган. Аталган депутаттык комиссиянын иликтөө ишинин жыйынтыгын талкуулоо ЖКнын 13-февралында өтө турган жыйынында улантылмакчы .
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан