Борбордо 2 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

Борбор калаада 17-январдан бери дайынсыз болуп жаткан Максим Островерхов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Максим Островерхов 17-январь күнү кечинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын өзгөчө белгилери: арык чырай келген, 1-топтун майыбы, чекесинин оң тарабында тырыгы бар. Башына токулган кара түстөгү тумак, кара-күрөң түстөгү күрмө, көк жынсы шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Эгерде бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү номурларга кайрылыңыздар: 102, (0700) 05-20-20, (0312) 43-28-15, (0312) 43-32-75

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан