* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгакта күрд улутундагы эркек тарабынан 8 жашар кыздын зордукталганына байланыштуу шаардын тургундары 90 үй-бүлөдөн турган күрддөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылышкан.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте ИИМдин №702-ички аскер бөлүгүнөн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын кайтарууга алган 39 жоокер качып кеткен. Ал жоокерлер 2013-жылдын жаз айларында аскердик кызматын өтөп бүтүшмөк. 4-февралда ИИМдин Ички аскерлигинен качып кеткен 39 жоокердин 32си кайтып келген.
* Мындан 43 жыл мурун, 1973-жылы Иранды кардуу бороон каптап, 4000 адам көз жумган. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө кардын калыңдыгы 3 метрге жетсе, түштүгүндө 8 метрге жеткен. Каккан жана Кумар кыштагынын эли толук кырылып калган.

* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы украиналык ырчы жана актриса
Вера Брежнева (чыныгы фамилиясы – Галушка) Леонид Ильич Брежневдин мекени болгон Днепродзержинск шаарчасынын чет жагында төрөлгөн. Атасы менен апасы ошол эле шаарчанын химиялык заводунда эмгектенишкен. Вера Брежнева мектепти бүткөндөн кийин анын “юрист болом” деген тилеги ишке ашпай, экономика бөлүмүнө сырттан окууга өткөн. Днепропетровскидеги Инженерлер институтуна тапшырып жатканда Вера көпчүлүктүн назарын бурган суйкайган сулуу кыз болгон. 2002-жылы ал “Днепропетровск сулуусу” сынагына катышууну чечип, сынактан алгачкы турларынан өтүп кеткен. Бирок жеңишке келаткан кызга “ВИА-Гра” тобунун кастингге чакырган сунушу жагып, сынактын аягына жетпей топко кошулуп, ырчы болуп калган. Вера 2003-жылы топ менен кошо Киев шаарына келип, топтун жетекчилери Веранын Леонид Ильич төрөлгөн шаарчадан экенин билгенде “эми сенин фамилияң Брежнева болот” дешип, ага жаңы фамилия беришкен. 2007-жылы аталган топтон биротоло кетип, жеке карьерасын баштаган.

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы дүйнөдөгү эң кымбат гезит Кытайдан чыккан. Гуандун провинциясынын Шэнчжэн шаарында жарык көрчү "Economic Daily" гезитинин материалдары бул күнү алтын барактарга басылган. Гезиттин саны "Гүлдөгөн Кытайдын мезгили" деп аталып, анда Кытай Элдик Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын кийинки жылдардагы ишмердиги чагылдырылган. Гезит "коллекциялык" жана "люкс" басылыш вариантында, ар бири 36 нуска менен чыгарылган. "Коллекциялык" басылыштын ар бир гезитине 500 грамм алтын, "люкс" басылмасына 200 грамм алтын сарпталган. Гезиттин ар бир варианты 8100 жана 3500 долларга сатылган.