Ош шаарындагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректору болуп Идирис Кенжаев дайындалды. Айта кетсек, Кенжаев буга чейин аталган окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. Ошондой эле бул ЖОЖдун ректорун дайындоого байланыштуу бир катар түшүнбөстүктөр болуп келгени белгилүү. “Ректор, проректорлорду алмаштыруу буйругу 2013-жылдын 24-январь күнү чыккан, аны Билим берүү жана илим министринин орун басары Зууракан Каденова 30-январда бизге тааныштырды. Мыйзам боюнча, буйрук 3 күндүн ичинде тааныштырылышы керек, 3 күндөн кийин ал буйрук өз күчүн жоготот”,- дейт окуу жайдын юристи Мейражидин Эгембердиев.
Эске салсак, ректордун милдетин аткаруучу болуп иштеп келген Идирис Кенжаевдин ордун ал өзү жок кезде министрдин орун басары Зууракан Каденова дайындаган ректор Абдыганы Сатыбаев өзүнө караштуу адамдар менен келип, басып алууга аракет кылышканын айтышып маалымат жыйынын да өткөрүшкөн. Бул жагдай Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун катышуусунда Идирис Кенжаевдин ректор болуп дайындылышы менен аяктады. Буга чейин жасалган аракетти Канат Садыков министрликтин күнөөсү катары моюнга алды. Ал эми бул ЖОЖдун эмгек жамааты министрликтен ректорду алмаштырууну эмес, университеттин аталышын бир жактуу чечип беришин талап кылышты.
Айта кетсек, азыркы Ош мамлекеттик социалдык университети 2010-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университети деп аталып келген. Бирок улуттар аралык жаңжалдан кийин окуу жайдын жамааты "Ош мамлекеттик социалдык университети" кылып өзгөртүү сунушун айтышып, азыркы учурда аты өзгөрүлгөнү менен, мөөрлөр алмаша электигине байланыштуу документ иштеринде "Кыргыз-Өзбек университети" аталышы колдонулууда.