Сокулук районунда мал уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Шалта айылынын 51 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 29-январь күнү белгисиз адам короосунда байланып турган уюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Аламүдүн айылынын 38 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.