Бүгүн, 2-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Гүлжигит Сатыбековдун “Репетиция” аталышындагы концерти өтүп жатат. Кечени “Назик” бий тобу ачып берди. Ал эми “Беш тапан” куудулдар тобунун жигиттери алып баруучулук милдетти колго алышкан. Учурда ырчы Гүлжигит Сатыбеков жандуу үн менен өз чыгармаларын аткарууда.