Бишкектеги Спорт Ордосунда 2-февралда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбековдун “Репетиция” аталышындагы жеке концерти орун алды. “Назик” бийчилер тобу ачып берген кечеде алып баруучулук тизгинди “Беш тапандын” жигиттери колго алышты.
Концертке мыкты даярдык көрүлгөнүн сахнанын жасалгаланышы айтып турду. Жеке концерт деп ушуну айтыңыз, бул кечеде жалаң Гүлжигит мырзанын аткаруусундагы ырлар жаңырды. Жадакалса конокко башка ырчылар чакырылбаптыр. Концертти гитарада, урма аспапта кол ойноткон “Старики разбойники” аталышындагы жаңы түзүлгөн музыкалык топ жана кыргыздын белгилүү шылдыракчысы Кадырбек Мураталиев коштоду. Зал көрүүчүлөргө толуп, күйөрмандар ырчынын жүрөктөн чыккан чыгармаларына кыйкырып, ышкырып, суратпай эле кол чаап турушту. Ырчынын “Агенттеги махабат”, “Исфана”, “Кара каш”, “Айбийке” өңдүү шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, “Сагынам”, “Эми мага баары бир” аттуу армандуу чыгармалары ойго батырды.
Ал эми алып баруучулук милдетти колго алган “Беш тапан” куудулдар тобу кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Неля, Каныкей, Роза Шакирова, Сайкал Садыбакасованы туурап чыгышып күйөрмандардын боорун эзишсе, куудул Жамбыл Камчиев да бир чымчым күлкү сунуп өттү.
Концертке алыстан ат арытып келген ата-энесине Гүлжигит мырза гүлдесте арнап, алардын урматына “Ыйык булак” ырын аткарды.
Кеченин соңунда ырчы концерттин “Репетиция” деп аталганын түшүндүрүп берди: “Чет мамлекеттерге чакыруулар көп болууда. Жалгыз диск көтөрүп баргандан уялам. Ошондуктан Кыргызстандагы эң күчтүү музыканттарды жыйнап, “Старики разбойники” деп атап жаңы топ түздүк. Эми сиздердин батаңыздарды алып, Орусия, Түркия, Германия мамлекеттериндеги мекендештерге ушул түзүм менен ыр, күлкү тартуулайлы деген максатта, кыргыздын маданиятын даңазалоону көздөп, бүгүн сиздердин алдыңыздарга биринчи жолу чыгып репетиция кылып алдык”. Күйөрмандар концерт аягына чыкканына карабай Гүлжигит мырзаны тер акканча ырдатып, сахнадан көпкө чейин узатышкан жок.