Камила Талиева: "Ош облусунда өткөн жылы 3 миллиард сом суммасындагы өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн"

"Ош облусунда 2012-жылы 3 миллиард сомдук өнөр жай азык-түлүгү өндүрүлгөн". Бул тууралуу 7-февралда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн коллегиялык жыйында вице-премьер-министр Камила Талиева айтты. Ошондой эле вице-премьер-министр 33 миллиард сомдук айыл чарба азыктары өндүрүлгөнүн кошумчалады. “Бул чоң сумма эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай көрсөткүчтү бир эле алдынкы ишкана жарата алат. Жалпы абалды жакшыртуу үчүн даяр продукцияны сатуу, жаныбарлардын мал ылаңын жоюу сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү чечүү керек”,- деди Талиева.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан