Тоң районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн түнү Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 2-чакырымында Хонда Одиссей унаасы менен ВАЗ-2109 унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 1 адам жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.