Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысына кылмыш иши козголду
УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку жетекчиси "Шахта Жыргалаң" ААКсынын жетекчиси менен биргеликте аталган мамлекеттик ишкананын акциясынын 71,14 пайызын менчиктештирип алгандыгы тууралуу фактыны ачыкка чыгарды. Бул тууралуу бизге УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул жетекчилердин кылган иши мамлекетке 22,4 миллион сом чыгым алып келип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 307 (менчиктештирүү, салык, бажы жана лицензия ишмердигин мыйзамсыз түрдө кызмат абалынан колдонуу), 211-беренелери (коммерциялык жана башка уюмдардын укукту кыянаттык түр менен колдонуусу) менен кылмыш иши козголду.