Бишкек шаарында уурулукка шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен борбордогу китепканалардын биринин 54 жаштагы К.Е. аттуу кызматкери кайрылган. Анда ал белгисиз бирөөлөр дүкөндүн айнегин талкалап кирип, бир нече китепти уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Ж.Г. аттуу айым кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.