Бишкек шаарында пикир келишпестиктен улам кайнисин бычак менен сайып өлтүрүп алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 02:00 чамасында милицияга кайрылуу түшкөн. Анда Көк-Жар кичи районунда адам өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу билдиришкен. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери жездеси менен кайнисинин ортосунан уруш чыгып, жездеси столдун үстүндө турган бычак менен эки-үч жолу төш тарапка сайып салганы аныкталган. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Бул кылмышка шектүү катары үйдөн алыс эмес жерден 29 жаштагы жаран кармалган. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.