Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын кыздар курама командасы ирандык спортчуларды утушту. Белгилүү болгондой, кыргыз теннисчиси Арина Беляева 6:1, 6:0 эсебинде Сахар Наджаны утса, Бермет Дуванаева 6:1, 6:4 эсебинде Газале Торкаманды жеңди. Ал эми эки жуп түрүндөгү беттеште Арина Беляева жана Бермет Дуванаева 6:0, 6:7, 6:2 эсебинде Сахар Наджа жана Газале Торкаманды жеңилүүгө аргасыз кылышты. Бүгүн, 8-февралда мелдештин акыркы күнүндө кыргызстандык спортчулар филиппиндик команда менен беттешет.