Ысык-Көл облусунун Түп районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин үч кызматкери сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айынын ортолорунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин үч кызматкери баңги каражатын сатуу менен алектенген жаранды кармашкан. Бирок ал телефон аркылуу тааныштарын чакырып, үч кызматкерди сабап салышкан. Мунун кесепетинен алар ооруканага жаткырылышкан. Ал эми кылмышка шектүү качып кеткен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.