Ысык-Көл облусунда 1 килограммдан ашуун баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта "Антитеррор" аталышындагы операция жүргүзүлүп, Ой-Тал айылынын 33 жаштагы 2 аталаш туугандын үйүн тинтүүдө 1 килограммдан ашуун баңгизат (марихуана) алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кармалган жарандар мурда да сот жообуна тартылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.