Бишкек шаарында сатуучуну бычак менен коркутуп, азык-түлүктөрдү уурдап кеткен айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы К.А. аттуу айым кайрылган. Анда ал белгисиз айым дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркутуп, жалпы суммасы 5 миң сомду түзгөн азык-түлүктөрдү алып кеткенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Т.С. аттуу айым кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.