Бишкекте тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды

Бишкек шаарындагы автобекеттен тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.  
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы С.Улан аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кайрылган. Анда ал борбордогу автобекеттен белгисиз жарандар күч колдонуу менен анын акча каражатын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Ж.Таалай, 30 жаштагы С.Бакыт жана 32 жаштагы А.Улан аттуу жарандар кармалышты. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.  
   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан