Бүгүн, 8- февралда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жер титирөөдөн жабыркаган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Оторбаев азыркы учурда жер титирөөнүн материалдык чыгымын аныктоо боюнча комиссия иштеп жатканын жана жабырлануучуларга сөзсүз жардам бериле турганын айтты.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакуновдун айтымында, жабыркаган үй-бүлөлөргө 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам жана 200 миң сомдон турак жайын калыбына келтирүүгө ссуда берүү каралып жатат.