Бишкек шаарында тоноо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы Д.Талгат аттуу жаран кайрылган. Анда ал борбордогу Фучик көчөсүнөн белгисиз жарандар күч колдонуу менен акчасын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы К.Адилет аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.