Ошто террордук уюмдун активдүү мүчөсүнүн үйүнөн ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-февраль күнү Ош шаардык соту тарабынан 26 жаштагы К.М. аттуу жарандын жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында диний мүнөздөгү баракчалар, дептерлер табылган. Ошондой эле катылган ИЖ-58 мылтыгы жана 1 даана тапанча алынган. Кармалган адам ок атуучу куралдарды сатып алганын айткан. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.