Ошто 37 жаштагы жарандын үйүнөн диний-экстремисттик уюмга тиешелүү материалдар алынды

Ош шаарында 37 жаштагы Т.З. аттуу жаран жашаган үйдөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү материалдар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда кыргыз, өзбек тилиндеги 15 китеп, 3 флеш-карта, компьютер, дисктер алынган. Ош шаарынын дин иштери боюнча атайын комиссиясы флеш-картадагы маалыматтар диний-экстремисттик маанайда экенин аныкташкан. Мындан улам “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
brend007
2015-02-03 18:57:37
ХХХ ХХХ ХХХ... дин бузарларды
+2
Rifle
2015-02-03 19:13:33
Уйбулосу, бала чакасын ким багат ?
Мумкун динди туура карманганды уйротобуз ? Баарыбыз адашуучубуз.
-1
admin_portal
2015-02-04 11:07:03
brend007 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
meli12
2015-02-04 14:16:07
эмне эле Ошто мындай террористтер чыга берет? озбек тадик авгандарды кумир кылып туурагылары келишеби тушунуксуз. Кыргыз эли момун айкол эле го мурун заман бузулду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан