4-февралда түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -12°C
Талас облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -21°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -11°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -12°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -23°C
Бишкек шаары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -9°C