* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы балет бийчиси, СССРдин Эл артисти
Чолпонбек Базарбаев Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. 1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин генералдык директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан тарта Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Чолпонбек Базарбаев - Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Ал 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы телеалпаруучу
Эркин Рыскулбеков Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында туулган. 5 бир туугандын кичүүсү. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн бүтүргөн. КТРКнын "Жаштар" редакциясында баяндамачы, телеалпаруучу. Телевидениенин босогосун 2008-жылы аттаган. Ал эми 2014-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын ТВ персонасы" деп табылган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы дүйнө жүзүнө кеңири тараган ири тармак болуп эсептелген Facebook ишке киргизилген. Ал Марк Цукерберг тарабынан негизделип, натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң биринчи бул веб-сайт The Facebook деп аталган жана бул сайтты бир гана Гарвард университетинин студенттери колдоно алышкан. Кийин катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап 13 жаштан өйдө электрондук почталары бар бардык интернет колдонуучуларына жеткен.
* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы Индиянын саясий ишмери
Махатма Ганди Бомбей түрмөсүнөн бошотулган. М.Ганди Индиянын Улуу Британиядан көз карандысыз болуусу үчүн түзүлгөн кыймылдын жетекчиси жана жактоочуларынын бири болгон.