3000 сом пара алып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган кызматкер Бишкек шаарынын тургунуна өзгөчө сандардын комбинациясындагы мамлекеттик номурду алып берүү үчүн андан 3000 сом талап кылган. Бул боюнча “пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.