Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт катталган.
Аламүдүн районунда айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. Анын кесепетинен эмеректер, темир сейфтин ичиндеги кагаздар күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.