Таласта Кызыл китепке кирген жоруну атканы үчүн аңчыга 25 миң сом айып пул салынды

Таласта Кызыл китепке кирген жоруну атканы үчүн аңчыга 25 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул окуя өткөн жылдын 15-декабрында болгон. Анда Талас районундагы Арал айылынын аңчылары ууга чыгышып, бир канча карышкыр, чөөнү жок кылышкан. Ошону менен бирге эле жоруну да атып алышкан. 

Көк жору - Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген канаттуу. Ал бийик тоолордо кездешкен куштардын катарына кирет, ошондуктан анын саны так эмес. Ал республиканын түштүк тарабында көп кездешет. Кыргызстанда көк жорунун популяциясынын жаштык структурасы боюнча жүргүзүлгөн байкоолорго караганда, жетилген жорулар жыл сайын эле көбөйүүгө катышышпайт. Жоруларды көбөйтүү максатында канаттуу бар жерлерди коргоого алуу, байкоо жүргүзүүнү уюштуруу, аларды жасалма жол менен тамактандыруу каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Apsi
2015-02-04 09:07:24
чала кылыптыр)))))))))))мактанып аттылего суротуно чейин чыгарып [moderated]ке))))))))))))
0
Dadasdasd
2015-02-04 09:13:20
Билгендер жазып койгулачы жорунун кайсы туру кызыл китепте.?
0
admin_portal
2015-02-04 10:58:48
Dadasdasd, Саламатсызбы!
Кабар толукталды.
0
Savai80
2015-02-04 17:55:11
admin_portal, Ошол кок жорунун суротун киргизип коесуздарбы. Биздин айылда жору деген толтура. Мен да атып албайын байкабай
0
admin_portal
2015-02-04 18:01:41
Savai80, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тез арада кошконго аракет кылабыз.
0
Savai80
2015-02-04 21:14:14
admin_portal, ммм даа чындап эле биздеги жорулардан айырмаланат экен корунушу. Кыргызстанда дагы кайсы жаныбар-куштар кызыл китепке кирген суроту менен макала кутобуз Супер инфодон
0
admin_portal
2015-02-05 10:54:54
Savai80, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
temirov76
2015-02-04 10:03:16
Бизде жорунун бир эле туру болсо керек менимче.
-1
danyshman
2015-02-04 11:45:20
Жору деген бул олумтук жеген таскарабы?олумтук олгон жерде асманда айланып калышат го топ тобу менен.
-3
bokonbaev
2015-02-04 14:12:30
Адамды атып салса же зордуктаса мынчалык айып пул салынбайт ко. Жоруну аткан учун ушунчабы.анда адам деген атыбыз да жок болот ко
-2
kg-zzzzz
2015-02-04 16:38:29
эмнеси болсо да кызыл китептеги жаныбарды атканы туура эмеско андан да кобуроок акча салыш керек болчу байларга не беген акча каалаган жаныбарын атып 25000 жон эле толоп койотта
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан