Бишкектеги Орус илим жана маданият борборунда адабият-музыкалык салону ачылып, анын алкагында “Карлуу романс” музыкалык кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага ырчылар, музыканттар, акындар катышып, ага 70тен ашуун адам күбө болду. Кеченин музыкалык бөлүгүн Игорь Воронцов менен Ольга Жижеринанын аткаруусундагы орус романстары түзсө, аларды концертмейстер Елена Никитина, “Компари” дуэти коштоп турушту. Өзүнүн автордук кайрыктарын акын, музыкант Анэс Зарифьян тартуулады. Ал эми өз калемине таандык ырларын акындар Светлана Суслова, Дмитрий Сагайдак, Алтынай Иманбекова, Лилия Аргинова, Сардор Ибрагимов окуп беришти. Ошондой эле Омар Хайямдын жана Михаил Лермонтовдун ырларын Уланмырза Карыпбаев көркөм окуду.