Казакстандан аткезчилик жол менен ташылып келген кондитердик азыктар алынды

КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Казакстандан аткезчилик жол менен ташылып келген кондитердик азыктар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган кызматтан билдиришти. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кыргызстандык жарандардын Казакстандан аткезчилик жол менен декларацияланбаган, жалпы суммасы 637 миң сомду түзгөн кондитердик азыктарды алып келүү фактысы аныкталган. Учурда бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан