Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 айдоочу жана 5 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-февралда саат 21:00 чамасында болгон. Дэн Сяопин көчөсүндө 29 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы жеңил унаа жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 5 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алган.