Бишкек шаарынын калкынын саны 904 миң киши. Мындай маалыматты бүгүн, 8-февралда шаардын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов билдирди. Айта кетсек, бүгүн Бишкек мэриясында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу коллегиялык жыйын өтүүдө.
Расмий эмес маалыматтар боюнча, борбор шаарда 1 миллион 200 миңдей жаран жашайт.