Баткенде 10 баш ири мүйүздүү малды Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган эки кыргыз жараны кармалды

Баткенде 10 баш ири мүйүздүү малды Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-февраль күнү Кадамжай районунун Пум аймагында эки кыргыз жараны чек арачылар тарабынан кармалган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 10 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адамдар Райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан