Бишкек шаарында "зордуктоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Дордой конушунун 42 жаштагы М.Венера аттуу тургуну кайрылган. Анда ал борбордогу Рыскулов көчөсүнөн жашы 40-45 чамасындагы белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында 47 жаштагы А.Сардар аттуу жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.