“Майлуу-Суу жылуулук менен камсыздоо” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызмат адамдары 2013-2014-жылдар аралыгында 40 тонна 646 килограмм мазутту мыйзамсыз чыгарышып, 861 700 сомго сатышкан. Ошондой эле ишкананын балансындагы 582 миң сомдук түтүктөр чыгарылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.